Райымкулов: чет элдик тыңчылар мыкты инсан Райым Матраимовду каралап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Бактыбек Райымкулов. Архив
Депутат Бактыбек Райымкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Депутат андан көрө Матраимовго окшогон мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди деп эсептейт.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, чет элдик тыңчыларга катуу чара көрүүнү суранды.
Себеби алар Райым Матраимовго окшогон мыкты жигиттерди каралап жатат деп күнөөлөдү.
"Качан болбосун бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгын колдогондор өкмөткө тийишип келет. Чет өлкөнүн агенттерине, тыңчыларына катуу чара көрбөсө болбойт. Эң коркунучтуусу ушулар. Гомосексуалдарды, адамды жылаңачтап элге алып чыгып жаткандар да ушулар. Райым Матраимовго окшогон кыргыздын мыкты жигиттерин каралап келишет. Андан көрө ошондой мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди да. Мен сизден ушуну өтүнөм, катуу чара көрүш керек", — деп кайрылды Райымкулов.
Буга УКМК төрагасы жооп берген жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0