19:29 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR96.0093
  • RUB1.1521
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
528 0 0

Аким өзү жактырган кадрды муниципалдык резервден алып дайындайт да, анын иши үчүн өзү жоопкерчиликтүү болот.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттү шайлоо укугунан ажыратылып, бирок аны кызматтан кетирүү боюнча укуктары кеңейтилет. Бул туурасында депутат Аалы Карашев "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасап жатып билдирди.

Аталган документ бүгүн парламентте экинчи окууда каралып жатат. Биринчи окууда "аким айылдык кеңешке айыл өкмөт башчылыгына талапкерди сунуштайт, алар макулдугун берсе-бербесе да дайындай алат" деген норма жазылган. Карашев демилгечилер андай формалдуу түрдө макулдук берүүнүн кереги жок деген чечимге келгенин айтты.

"Биз сунуштаган мыйзамда айыл өкмөт башчысы болом дегендер конкурстук негизде тесттен өтүп, кадрлардын муниципалдык резервине кирет. Аким ошол резервден алып дайындап, анын иши үчүн да өзү жоопкерчиликти алсын деп жатабыз. Ошол эле учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын укуктары кеңейтилет. Буга чейин айыл өкмөт башчысы иштей албай жатса ишеним көрсөтпөө укугу бар эле, азыр эгер бюджетти, программасын аткарбаса кызматтан кетирүү маселесин карай алышат", — деди Карашев.

Ошондой эле айыл өкмөт башчыларын башка айылдын тургундарынан дайындоо сунушталганын кошумчалады.

Тема боюнча

Депутат: Марипов эмнеге кортеж менен жүрөт, ал президенттин жардамчысы эле да
Депутаттар көбөйөт. Райондук кеңеш түзүп, бюджетин негиздөө сунушталды
Белгилер:
Аалы Карашев, айыл өкмөтү, өкмөт башчы, жергиликтүү кеңеш, депутат, дайындоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ