Депутаттар көбөйөт. Райондук кеңеш түзүп, бюджетин негиздөө сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Жыйында баяндама жасаган депутат майда маселелерди жеринде чечүү үчүн райондук бюджетти калыбына келтирүү зарылчылыгы жаралганын белгиледи.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште райондук бюджетти негиздеп, райондук кеңеш түзүү жөнүндө мыйзам долбоору сунушталды.
Парламентке "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамдары бириктирилип, бир мыйзам долбоору катары келди. Аталган документ июль айында биринчи окуудан өткөн, бүгүн өзгөртүү-толуктоолор менен экинчи окууга киргизилди.
Жыйында баяндама жасаган депутат Аалы Карашев майда маселелерди жеринде чечүү үчүн райондук бюджетти калыбына келтирүү сунушталганын билдирди.
"Райондук бюджет кызматкерлерге айлык-акы гана төлөй турган эмес, аймакты өнүктүрүүгө негиз болушу керек. Эгер өзүндө бюджет болсо акимге жеринен маселени чечип коюуга жол ачылат. Ошол эле учурда бюджетти көзөмөлдөө, отчет алуу, социалдык-өнүгүү боюнча экономикалык программаларын караш керек. Буга байланыштуу райондук кеңешти кайрадан калыбына келтирүү сунушталды. Бирок аны түзүүдө шайлоо өткөрүлбөйт. Ал кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынан куралат", — деди Карашев.
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Мүлкүн, 10 жылдык тажрыйбасын көрсөтсүн. Министрлерге талапты күчөтүү сунушталды
Баяндамачынын айтымында, райондук кеңештин курамы элинин санына жараша бекитилет. Мисалы, 100 миңге чейин калкы бар райондо 20-30, калкы 200 миңден ашык болсо 45тен 60 депутатка чейин куралат. Ар бир айылдык кеңешке бирдей квота берилет. Бул демилгени 2023-жылдын 1-январынан тарта ишке ашыруу пландалууда.
Мындан сырткары, учурда аймактагы бийлик өкүлдөрүн министр дайындап акимдин уруксатын алса, келечекте аким дайындап, министрдин макулдугун алуу сунушталууда. Бирок мунун күч органдарына тиешеси жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0