Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго 9 судья дайындады. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Өлкө башчы Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган талапкердин баарын жактырып, кызматка дайындоо жарлыгын чыгарган.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго тогуз судья дайындады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан мамлекет башчыга тогуз талапкер сунушталып, ал баарын жактырган.

Жаңы дайындалган судьялар:

Чүй облусу
  • Сокулук райондук сотуна — Болот Садыков;
  • Ысык-Ата райондук сотуна — Болот Шабданбеков;
  • Чүй райондук сотуна — Абдрасул уулу Бектур;
  • Токмок шаардык сотуна — Нурия Акбалаева;
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна — Мээрим Мамасалиева;
Ош шаардык сотуна — Султан Максатбеков, Абдисалам Мойдунов;
Жалал-Абад шаардык сотуна — Кеңешбек Бекчалов;
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна — Тимурлан Карабеков.
Жаңылыктар түрмөгү
0