Путин Тажикстандын президенти менен Афганистандагы кырдаалды талкуулады

© Sputnik / Евгений Паулин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Өлкө башчылары телефон аркылуу байланышып, бир нече маселени талкуулашкан. Өзгөчө көңүл Тажикстан менен чектешкен Афганистандагы акыркы кырдаалга бурулган.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен Афганистандагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшүп, тыгыз байланышта болууну макулдашты. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
"Тараптар орус-тажик стратегиялык өнөктөштүктү жана кызматташууну бардык жагынан бекемдөөгө даяр экенин билдиришти. Мамлекет башчылар Афганистандагы акыркы кырдаал боюнча дагы ой бөлүшүп, тыгыз байланышта болууну макулдашты", — деп айтылат маалыматта.
Путин ошондой эле Рахмонду туулган күнү менен да куттуктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0