Камчыга сап болчусу барбы? Кыргызстанда жогорку кызматтарды ээлеген жаштар

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDКостюмчан адам. Архив
Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттик жогорку кызматтардагы жана депутаттык мандатка ээ жаштарды тизмектеди.
Биздин коом көпчүлүк учурда бийликке жаштар келишин каалайт. Коррупцияга, саясаттын ыплас оюндарына белчесинен бата элек кыз-жигиттерден жаңы көз карашты, берилгендикти, абийирдүүлүктү күтөт окшойбуз.
Ушу тапта өкмөт мүчөлөрүнүн арасында 35 жашка чейинкилер арасында бир гана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев бар. Ошондой эле Токмок жана Каракол шаарларынын мэрлери 35 жаштан аша элек. Андыктан биз бул тизмеге парламент депутаттарын дагы коштук.
Белгилей кетсек, КР мыйзамындагы 2009-жылкы "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" жобо боюнча 14-28 жашка чейинкилер жаш деп эсептелет. Бирок документтин эски редакциясында бул категорияга 35 жашка чейинкилер да кирчү. Мындан улам 35 жашка чейинки аткаминерлерди чогулттук. Тизме жаш куракка карап түзүлдү.

Эрмат Жумаев

© Фото / пресс-служба мэрии города КараколКаракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев
Исполняющий обязанности мэра Каракола Эрмат Джумаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев
Эрмат Жумаев Каракол шаарынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп былтыр 29 жашында дайындалган. Мэрликке чейин Жумаев жергиликтүү "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы болчу. Ал эми Каракол шаарын Адыл Каниметов жетектеп келип, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин кызматтан бошотулган.

Айгерим Бешимбаева

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Айгерим Бешимбаева
Депутат ЖК Айгерим Бешимбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
ЖК депутаты Айгерим Бешимбаева
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын эң жаш депутаттарынын бири — Айгерим Бешимбаева. Ал 2020-жылы "Республика — Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен мандат алып, вице-премьерликке дайындалган Аида Исмаилованын ордуна келген.
Бешимбаева 1990-жылы 10-январда Чүй облусунда төрөлгөн. 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Статистика" адистиги боюнча аяктаган. 2013-2018-жылдар аралыгында "РСК Банкында" иштеп, кассирликтен тарта Маркетинг департаментинин башкы менеджерлигине чейин жеткен.

Мамашова Айсулуу

Депутат Айсулуу Мамашова 22-ноябрда 33 жашка толот. Мамашова саясатка гана эмес, ишкерликке дагы өтө жаш кезинде келген. Ата-энеси түптөгөн бизнеске 17 жашында аралашып, "Автоучкомбинат" ЖЧКсынын башкы директору болгон.
2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүрүп, 2010-жылы ушул эле окуу жайында "Ишкердик башкаруу" адистиги боюнча билим алган. 2015-жылы 27 жашында "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Дастан Догоев

Дастан Догоев 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Лондондогу Кавендиш колледжинде бизнести башкаруу адистигин жана Кингстон университетинде бизнести башкаруу адистиктерин аяктаган. 2012-жылы 26 жашында Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 28 жашында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, 31 жашында аталган кызматтын жетекчиси болгон.
33 жашында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп бир жыл иштеп, бирок Гарвард университетинин магистратура бөлүмүнө окууга өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Учурда Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүктүрүү министри кызматтарында иштеп жатат.

Жанар Акаев

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Жанар Акаев
Депутат ЖК Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
ЖК депутаты Жанар Акаев
29 жашында депутаттык мандатка ээ болгон Жанар Акаев быйыл 35 жашка толду. Ал Ош облусунун Алай районунда туулган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
2008-2015-жылдары "Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматынын журналисти болуп иштеп, 2015-жылдын февраль-август айларында КР президентинин маалымат катчысы кызматын аркалаган. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Мээримбек Койчуманов

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Мээримбек Койчуманов
Депутат ЖК Мээримбек Койчуманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
ЖК депутаты Мээримбек Койчуманов
"Кыргызстан" фракциясынан парламент депутаты Мээримбек Койчуманов былтыркы жылдын август айында, 34 жашында партиялык тизме менен эл өкүлү болуп келди. Бишкекте туулуп-өскөн. 2007-жылы КРСУну "Дүйнөлүк экономика" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2009-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук бөлүмүнөн баштап, 2010-жылы жеке ишкерликке өтүп кеткен. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Урматбек Самаев

35 жаштагы Урматбек Самаев депутаттык мандатты 30 жашында алган. Учурда ал Токмок шаарынын мэри.
Самаев 2012-жылы Каракол шаарындагы Юридикалык академияда юриспруденция факультетин бүтүргөн. 2018-жылы Көк бөрү федерациясынын вице-президенти, 2019-жылы Аргымак федерациясынын президенти болгон. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0