Кызматтан бошоюн, айтчу сөзүм бар. Абдыгулов депутат Ибраевге жооп берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Депутаттын айыптоосунан кийин Абдыгулов сөз алып, эртең эркин адам болгондо депутатка карата айтчу кеби бар экенин кыйытты.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кызматтан кетип жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов анын ишин сындаган депутат Самат Ибраевге жооп берди.

Эл өкүлү жыйында кийин дагы катачылыктар кетпеши үчүн Улуттук банктын жети жылдык ишине аудит жүргүзүү керектигин айтты. Ал финансылык сектордо тартип болсо, бардык жакта тартип болот деген пикирде.

Андан соң Абдыгулов сөз сүйлөп, эртең эркин адам болгондо депутатка карата айтчу кеби бар экенин кыйытты.

"Мен Самат Кулукеевичке рахмат айткым келет. Рахмат сизге! Аман-эсен ийгиликтүү иштегиле! Биз мамлекеттик кызматкер болгондуктан этика бар да. Мен эч качан сизди жамандаган эмесмин. Эртеңден баштап эркин адам болгондо менин деле айтчу сөзүм бар. Сиздин ишиңизге ийгилик", — деди Абдыгулов.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Ибраев финансылык технология боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Документте Улуттук банкты көз карандысыздыгынан ажыратуу сунушталган. Буга башкы банк каршы чыккан. Ал ортодо депутат Абдыгуловдун дарегине бир катар сын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0