Медиа согушу. Симоньян RT ачкан немецтик YouTube каналдарынын жабылышы тууралуу

© Фото / RT / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив
Россия сегодня медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Роскомнадзор Google корпорациясына жиберген катында "кыска убакыттын ичинде RT DE жана Der Fehlende Part каналдарына салынган чектөөнү алып салууну талап кылган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. RT ачкан YouTube видеосервисиндеги DE жана DFP каналдарынын кайра калыбына келтирилбей жоюу чечими толугу менен медиа согуштун жарыяланышы экендигин РИА Новостиге "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян билдирген.

Аталган эки каналдын жок болуп кетиши тууралуу башкы редактор мурдараак билдирген эле.

Видеосервис тиешелүү болгон Google корпорациясынын маалымат кызматы каналдар пайдалануу шарты бузулганы үчүн жабылгандыгын айтышкан. Алар "YouTube кызматынын коомдо каралган так эрежелери бар, анда платформада эмнеге уруксат берилгени айтылган" деп билдиришкен.

"RT DE каналына COVID-19 коронавирус инфекциясы боюнча жалган маалыматтар камтылган контент жүктөлүп, биздин эрежелер бузулуп жатканы айтылып, эскертүү берилген. Бул алардын видео жарыялоо укугунун токтотулушуна алып келди. Токтотулгандан кийин каналдын ээлери чектөөдөн буйтап, башка каналды колдонду. Жыйынтыгында эки канал тең колдонуу боюнча YouTube эрежелерин бузганы үчүн жабылды", — деп түшүндүрүшкөн корпорациядан.

Симоньян бул боюнча пикирин билдирип, анын айтымында YouTube сөз кылып жаткан ошол "так" эрежелерди алар эч жерде жазбагандыгын айтты. Аны менен катар эле Google менен такташкандан кийин RT ачкан YouTube каналдарынын жабылышын медиалык согуш деп атады.

"Бул ирет биздин биринчи канал алар айткан "коомчулукта каралган эрежелерин бузгандыгы үчүн" өздөрү ойлоп тапкан "жазасын алып жатканда" экинчи каналга өзүбүздүн аудиторияны чакырганыбызды "чектөөдөн буйтады" деп эсептешти. Биздин тартип "бузганыбыз" корона боюнча чаралар туурасындагы скептиктердин маегин эфирге беришибиз болду. Кийинки ачкан каналга аудиториябызды биринчи ирет чакырып жатканыбыз жок. Алар дал бүгүн эки каналды тең жабуу чечимин кабыл алды. Аны менен катар эле YouTube эмдөөгө каршыларды, террорчуларды жана ар кыл ишенимдеги фашисттерди берип жатат. Алар бир нече жолу бизди пессимисттештирип жана "киргизбей" тургандыктарын айткан. А биз алардын бут тосконуна карабай өсүп, жетилдик. Эми өчүрүп тынышты. Бул Германиянын Россияга толугу менен жарыялаган медиалык согушу", — деп билдирген башкы редактор.

Роскомнадзор Google корпорациясына жиберген катында "кыска убакыттын ичинде RT DE жана Der Fehlende Part каналдарына салынган чектөөнү алып салууну талап кылган. Ведомстводон YouTube тарабынан жасалган бул кадам цензура актысы катары караларын билдиришти.

Коомдук палатанын мүчөсү, Америкадагы түрмөдөн бошонуп чыккан Мария Бутина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Бутина ТИМдин алдында Латвия журналисттерине тилектештик билдирип пикетке чыкты
Аны менен катар эле эгерде YouTube каналын ачуу талабы аткарылбаса, миллион рублге чейин айып тартышарын, экинчи ирет баш тартуу болсо ал үч миллион рублге чейинки сумманы чапчый турганын эскертишкен.

Июль айында Люксембургадагы медиа жөндөгүч техникалык критерийлерге туура келген жок деген шылтоо менен RT телеканалына немец тилинде көрсөтүүгө лицензия берген эмес. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул чечим тууралуу үн каткан.

Анын билдиргенине караганда, "бул коңшу ФРГнын Люксембург тарапка жасаган ачык басымынын алдын ала боолголонгон жапайы жыйынтыгы. Ага германиялык бир нече расмий тараптардын жасаган билдирүүлөрү күбө болуп турат".

Россиялык ЖМКлардын Батыштагы абалы жыл өткөн сайын оорлошуп бара жатат. 2016-жылы ноябрда Европарламент Sputnik менен RT телеканалына каршы иштин зарыл экендиги боюнча резолюция кабыл алган.

Бул документке комментарий берген Россия лидери Владимир Путин басылмалардын ишинин жыйынтыгы менен куттуктап, бирок бир нерсени эске салган. Президент бул кырдаал Батыш коомчулугунда демократия тууралуу түшүнүктүн көз көрүнөө деградация болуп бара жатканын айгинелей турганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0