Парламенттик шайлоо менен кошо айрым аймактарда жергиликтүү кеңештер да шайланат

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоо 28-ноябрда Ош менен Жалал-Абаддын кээ бир аймактарында болору айтылды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоону 2021-жылдын 28-ноябрына дайындоого токтом кылынган.

"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, министрлер кабинетине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилген.

Эскерте кетсек, ушул эле күнү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо да өтөт

Жаңылыктар түрмөгү
0