Нарындын кылмышка аралашты деп шектелген мэри кызматтан кетти

© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека/ Улукбек ШамбетовНарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Самарбек Болотбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков отставкага кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, шаардыктар менен депутаттарга кайрылды.

"Урматтуу, Нарын шаарынын депутаттары, тургундары! Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Үч ай ичинде Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык жактан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм", — деп жазды Болотбеков.

Ошондой эле ал бул аралыкта кылган иштери тууралуу чакан видео жарыялады.

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Президент Алмамбет Шыкмаматовду кызматтан бошотту
Эске салсак, УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармаган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо "Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон, андан кийин Нарындын мэри болуп дайындалган Самарбек Болотбеков кармалган болчу. Ал эми 21-сентябрь күнү сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0