Абдыгуловдун ордуна Улуттук банкка ким келери айтылды

© Sputnik / Эмиль СадыровУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Улуттук банктын башчылыгына талапкер буга чейин аталган тармакта иштеген. Бакиевдин убагында аталган банкта төраганын орун басары кызматын аркалаган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кубанычбек Бөкөнтаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы кызматына дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналына жазды.

Анын айтымында, парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитетине Абдыгулов өзүнүн каалоосу боюнча кызматтан кеткендиги тууралуу документ келип түшкөн.

Ал эми анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу сунуштама келген.

Курманбек Бөкөнтаев Бакиевдин доорунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Ал ошондой эле Кыргызстандагы депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0