Толкунбек Абдыгулов отставкага кеттиби? Бийлик менен Улуттук банктын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери башкарып келе жатат. Болгону ортодо бир нече ай өкмөттө иштеген.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн, 28-сентябрда, бир катар жергиликтүү ЖМКлар Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкага кетип жатканын, себебин Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирерин жазып чыгышты.

Улуттук банктын маалымат кызматы Абдыгулов бүгүн кызмат ордунда экенин, андан башка комментарий бербей турганын билдирди.

Ал эми КР президентинин маалымат кызматынан Улуттук банктын төрагасын кызматтан бошотуу процедурасы Жогорку Кеңеш акылуу ишке ашарын айтышты.

Жогорку Кеңештин сайтында Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйыны бүгүн болору жазылган. Ага чакырылгандардын тизмесинде Толкунбек Абдыгулов дагы бар (депутат Самат Ибраевдин мыйзам долбоору боюнча).

Жогорку Кеңештин аталган комитетинин мүчөсү Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналына "Улуттук банкта төрага алмашат. Ал эми комитет бүгүн чогулбайт" деп жазды.

Эске салсак, Абдыгулов Улуттук банкты алгачкы ирет 2014-2017-жылдар аралыгында башкарган. Андан соң бир нече ай өкмөттө иштеген. Тагыраагы, биринчи вице-премьер, кийин вице-премьер болгон. Андан соң кайрадан Улуттук банкка кайтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0