20:08 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7971
  • EUR95.6130
  • RUB1.1437
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (284)
14301

Басылма анткен менен АКШнын конгресси бир нече жыл мурда Пентагонго Россиянын Коргоо министрлиги менен кызматташууга кескин түрдө тыюу салганын жазды.

БИШКЕК, 28-сен.— Sputnik. Америка Борбор Азиядагы россиялык аскер базаларды колдонуу боюнча кеп козгоду. Бул туурасында РИА Новости Wall Street Journal басылмасына шилтеме кылып жазды.

"Өткөн жумада АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бириккен комитетинин штаб жетекчиси, генерал Марк Милли РФтин Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен аталган аймактагы россиялык аскер базаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул боюнча Wall Street Journal өзүнүн маалымат булагына таянып билдирди", — деп жазылган маалыматта.

Мындан мурдараак ЖМКлар бул тема Россия, АКШ президенттери Владимир Путин жана Жозеф Байден менен Женевада жолуккан саммитте көтөрүлгөнүн айтышкан, бирок Кремль ага комментарий берген эмес.

Басылма Герасимов аталган маселе боюнча Миллиге эч кандай убада бербегендигин жазган.

Аскер базалар темасы Байдендин админстрациясы Афганистандан аскерлерин тездик менен чыгарып кеткенден кийин бул өлкөдөгү террордук кооптуулукка реакция кылуу, аны көзөмөлгө алып туруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп жаткандыктан көтөрүлгөнү айтылат.

Басылма анткен менен АКШнын конгресси бир нече жыл мурда Пентагонго Россиянын Коргоо министрлиги менен кызматташууга кескин түрдө тыюу салганын жазды.

Өткөн жумада Россиянын Коргоо министрлиги Финляндияда Герасимов жана Милли аскердик жааттагы чатактардын чыгып кетүү тобокелдиктерин талкуулаганын билдирген. Жолугуу конструктивдүү мүнөздө болгондугун кошумчалашкан.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда Герасимов менен Миллинин жолугушуусунун жыйынтыгына жогору баа беришкен.

Август айынын башында талибдер Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирген. 15-августта Кабулду басып алып, анын эртеси согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар жапырт эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда турган АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен. 6-сентябрда талибдер буга чейин баш ийбей келген афгандык 34 провинциянын акыркысын, Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Эртеси күнү Мохаммад Хасан Ахунд башында турган Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнү жарыяланды. Ал талибдердин биринчи жолу бийлик башкаруу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларында болуп келген.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (284)

Тема боюнча

Талибдер Кабул аэропорту бардык каттамдарды кабыл алууга даяр экенин айтты
Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты
Белгилер:
Россия күнү, АКШ, Борбордук Азия, Валерий Герасимов, аскердик база

ЭҢ МААНИЛҮҮ