Жапаров: добуш берүүгө кийлигишкен мамлекеттик кызматкер катуу жазаланат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ош облусунда иш сапары алкагында эл менен жолугушуу учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ош облусунда иш сапары алкагында эл менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт. 75 партия жарышка катышуу ниетин билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ар бир мамлекеттик органдын алдына шайлоонун таза жана ачык өтүүсүн камсыздоо боюнча катуу талаптар коюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусунда иш сапары учурунда эл менен жолукканда айтты.

Чогулган эл өлкө башчыга алдыда боло турган шайлоо боюнча суроо берди.

"Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар мурдагыдан айырмаланып өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер добуш берүүгө кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чара көрүлөт", — деди Жапаров.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт. 75 партия жарышка катышуу ниетин билдирген. Учурда бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин арызы кабыл алынууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0