ЖК депутаты парламенттик шайлоону үч күн өткөрүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан жаран. Архив
Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
БШКнын төрайымы мындай норманы киргизүүгө мыйзам жол бербестигин, программалык техникалык жактан да жаңы чаралар талап кылынарын белгиледи.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов алдыдагы парламенттик шайлоодо добуш берүү процессин үч күн бою өткөрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү кыргызстандыктар бир күндө добуш берүүгө жетишпей калууда деп эсептейт.

"Жакында эле Россиядагы шайлоо үч күн өттү, бизде дагы ошондой кылса болбойбу? Себеби ноябрда күн кеч чыгат, эрте батат, суук болот. Экинчиден, COVID-19 кооптуулугу дагы деле кете элек. Үчүнчүдөн, элди кезекке тургузуп кыйнабай добуш берүү процессин үч, жок дегенде эки күнгө созсок кандай болот? Элдин баары эле сабаттуу эмес, эки бюллетенден партияны, 54 талапкерди тапканга көп убакыт кетет. Эгер мүмкүн болсо, мыйзамга өзгөртүү киргизели. Эл жетишпей калат деп жатам", — деди депутат.

Блокнотко жазып жаткан аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Курамы
БШКнын төрайымы шайлоо мыйзамында андай норма жок экенин, программалык техникалык жактан да жаңы чаралар талап кылып калынарын белгиледи.

Ал ошондой эле шайлоо системасында ансыз да аябай көп өзгөрүүлөр болгонун, дагы өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн даярдык керектигин кошумчалады.

Аны менен катар үч күндүк добуш берүүдө программаларды өзгөртүп, бюллетенди үч күн сактоо үчүн видеобайкоолорду, күзөтчүлөрдү коюш керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0