Эч качан бирөөгө заказ бербейм. Зулушев Жеенчороев менен айтышканы тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБашкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Башкы прокурор өзүнүн жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик ишке аралаштырбашы керек деген принцип менен иштеп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев кечээ депутатка айткан сөзү боюнча комментарий берди.

Жыйындын башталышында алгач Жеенчороев сөз алып, пикир келишпестиктер жоюлганын айтты.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Мирлан Жеенчороев
Эч качан бирөөгө заказ бербейм. Зулушев Жеенчороев менен айтышканы тууралуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Депутат Мирлан Жеенчороев
"Кечээ Курманкул Токторалиевич экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик жаралып, эмоция менен ашыкча сөздөрдү сүйлөп алдык деп ойлойм. Бирок биз кезигип, бардык маселелерди такташып алдык. Ортодогу ушак, түшүнбөстүктөрдү жокко чыгардык. Мындан кийин конструктивдүү нукта мыйзам менен так иштешебиз деп ишенем", — деди депутат.

Андан соң башкы прокурор эл өкүлүнүн сөзүн кубаттап, эч кимге заказ берип иш козгоо аракетин көрбөгөнүн белгиледи.

© Фото / пресс-служба Генеральной прокуратуры КРБашкы прокурор Курманкул Зулушев
Эч качан бирөөгө заказ бербейм. Зулушев Жеенчороев менен айтышканы тууралуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Башкы прокурор Курманкул Зулушев
"Сиз туура түшүнүп, элге айтып койгонуңуз жакшы нерсе. Мыйзам боюнча талашканыбызды түшүнсөңүз болду. Мен башкы прокурор катары эч качан бирөөнүн артынан заказ берип, арыз алып же камап укугун тебелебейм, акым дагы жок. Иштөө стилимди дагы көрүп жатасыздар, эч кандай заказ менен иш кылбайбыз. Себеби башкы прокурор өзүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттик ишке аралаштырбашы керек. Ошондуктан мен милдетимди так аткарам деп ойлойм", — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-сентябрда, парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жеенчороев башкы прокурор ага иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген. Ага Зулушев "мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо, сизге бир нерсе таап коюш оңой эле" деп жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0