Бүгүн Садыр Жапаров БУУ трибунасынан дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бир жума бою БУУнун алкагындагы ар тараптуу жолугушуу жана иш-чараларга катышат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жалпы дебаттары ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында бүгүн түштө президент Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулуктун алдында онлайн режимде кайрылуу жасайт.

Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жапаров ЮНЕСКО өкүлү менен КРдин атынан мурастар тизмесине кирчү жайларды сүйлөштү
Мамлекет башчынын тапшырмасы менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 23-сентябрда деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат. Андан соң Өзөктүк куралды сыноого ар тараптуу тыюу салуу жөнүндө келишимдин күчүнө киришине көмөк көрсөтүү боюнча конференцияда сүйлөйт. 24-сентябрда Энергетика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдо, 28-сентябрда Өзөктүк куралды толугу менен жок кылуу эл аралык күнүнө карата кеңешмеде болот. Ошондой эле министр БУУнун жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0