300 миң доллар пара алды делген экс-депутаттын баш коргоо чарасы каралды

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин экс-депутаты Руслан Чойбеков. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Руслан Чойбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Тергөө иштеринин жана алынган далилдердин натыйжасында 16-сентябрда Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча өндүрүш ачылган

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Былтыркы парламенттик шайлоодо депутаттык мандат убадалап, пара алды деген шек менен кармалган "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, Ч.Р. аттуу экс-депутаттын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Биринчи май райондук соту аны тергөө аяктаганга чейин убактылуу кармоо жайына калтыруу өкүмүн чыгарды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Ч.Р. 2020-жылкы парламенттик шайлоодогу коррупциялык иштер боюнча шектелип кармалган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алганы айтылган.

Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды
Тергөө иштеринин жана алынган далилдердин натыйжасында 16-сентябрда Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") боюнча өндүрүш ачылган.

Кармалган Ч.Р. аттуу экс-депутаттын инициалы өткөн жылдын июнь айында мандатын тапшырган "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Руслан Чойбековдун аты-жөнү менен дал келүүдө.

Баса, ушул эле ишке тиешеси бар деген шек менен бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. кармалды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0