Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив
ШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
ШКУнун тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Афганистан менен өнөктөш мамлекеттердин кызыкчылыгын колдонуп пайда тапкыдай эки тараптуу байланышка басым жасаса болчудай. Же баары чогулуп, талибдер менен бирдиктүү фронт катары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.

Шанхай кызматташтык уюму пайдасыз структура деген убак да болгон. Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын чек ара маселелерин чечүү үчүн түзүлүп, кийин жарактан чыккан формат деп чыгышкан. Бүгүн мындай пикир түп тамырынан бери өзгөрдү дейт Россия өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин доценти Геворг Мирзаян.

"Эч кимге бизге акыл үйрөтүүсүнө жол бербешибиз керек. Аймактагы өлкөлөрдүн ички ишине сырткы күчтөрдүн кийлигишпеши кажет. Уюмга мүчө мамлекеттин улуттук өзгөчөлүгүн эске алган өнүгүүнүн моделин кармануу зарыл. Биздин келечек дайыма өзүбүздүн гана колдо болушу керек", — деди Кытай лидери Си Цзиньпинь Душанбеде өткөн саммитте.

Афганистандан курал-жарагын, союздаштарын таштай качкан АКШнын жосунсуз жоругунан улам ШКУнун мааниси арта түшкөнүн Россия президенти Владимир Путин белгиледи. Анын айтымында, америкалыктардан кийинки башаламандык радикализм менен исламизмдин өнүгүп-өсүшүнө жакшы азык болуп керет.

Талибан кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Талибдер: Афганистан өкмөтүн куроого бир нече ай кетиши мүмкүн
Путин Америка 20 жылдык "ишмердүүлүгүнүн" кесепетин жоюуга анча ашыкпай турганына токтолуп, афган чек арасынан 10 миңдеген чакырым алыс болгондуктан, АКШ буга көп деле башын оорутпай турганын кошумчалады.

Натыйжада кооптуулук жараткан маселе менен Афганистандын коңшулары Иран, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, аймактык коңшу катары Россия, Индия алектениши керек болуп калды. Башкача айтканда, ШКУ мамлекеттери жана уюмга эми кире турган мамлекеттер чара көрүшү керек. Ушу тапта керек болсо "Талибан" менен алакасы жакшы Пакистан да кооптуулук жок деп айта албайт, анткени Афганистандагы абалды жөндөөгө эч кимдин шаасы жетпей калчу башаламандыкка айланып кетчүдөй болуп турат.

Ал эми ШКУнун тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Мында Афганистан менен өнөктөш мамлекеттердин кызыкчылыгын колдонуп пайда тапкыдай эки тараптуу байланышка басым жасаса болчудай. Мисалы, Кытай Афганистандын мурунку бийлигинин тушунда Индия ээлик кылган кен чыккан жерлерди өзүнө ала алат. Ал эми Өзбекстан тажиктердин эсебинен Афганистанды байырлаган өзбек общиналары үчүн өзгөчө шарт түзүп алса болот.

Ошол эле учурда баары чогулуп, талибдер менен бирдиктүү фронт катары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу бар.

Жеке жана жалпы кызыкчылык

Дал ушул экинчи вариант туура сыяктуу болуп турат. Анткени бир катар субъективдүү экономикалык кызыкчылык менен тышкы саясий каалоодон тышкары (мисалы, Индия менен Пакистан өз ара чырында Афганистанды курал катары пайдаланууну көздөйт) ШКУ мамлекеттеринин Афганистан боюнча кызыкчылыгы бирдей.

ШКУ мамлекеттеринин жогорку сот жыйынына даярдык. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Россия менен Кытай Азияны өзгөрттү, Америка андан ажыроодо
Баары тең, Пакистан да, Афганистандын исламизм менен радикализмди жайылтуучусуна айланышын каалабайт. Талибдердин өздөрү "Жашыл революцияны" экспорттоону каалабаганы менен чет элдик жихад уюмдарына афган жергесинде жашап, иштөөгө укук бериши толук ыктымал. Же алардын жолун тосуп, Борбор Азия аймагында теракт уюштурууга, Иран менен Кытайдын мусулман райондорунда абалды курчутууга. ошондой эле даярдыктан өткөн террорчуларды Өзбекстан же Тажикстан аркылуу Россияга жиберүүгө тоскоол болбойт. Дал ушундай жагдайлардын алдын алуу үчүн талибдер менен сүйлөшүү керек.

Мындан тышкары, Россия менен Иран үчүн афган наркотрафиги курч маселе болуп турат. Мында кеп аталган өлкөлөр аркылуу баңгизаттын Европага чыгышында деле эмес, анын басымдуу бөлүгү транзит мамлекеттерде калып, ошол жактын тургундарынын пайдаланышында. Ошол эле Иранда баңгизат саткандарга колдонулган өлүм жазасы да өлкөнү баңги сазынан чыгара албай жатат. Муну менен жеринде, башкача айтканда, Афганистанда, экспорттун көлөмүн чектеп күрөшүү зарыл. Токтотуп эмес, чектеп, чындыкты тике карайлычы. Бул үчүн да талибдер менен ымга келүү маанилүү.

Ал эми ШКУ мамлекеттеринин "Талибанды" кызыктыра алчу нерсеси бар. Бул дипломатиялык таануу жана экономикалык долбоорлор. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин айтымында, Ташкент ШКУ алкагындагы аймактык экономикалык долбоорлорго Афганистанды тартууга аракет жасамакчы.

"Биз дагы Афганистан ушу тапта тушуккан гуманитардык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө колубуздан келген жардамды берүүгө даярбыз. Казакстандын инфраструктурасы менен логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп Алматыда Афганистанга эл аралык жардам жөнөтүү үчүн ШКУнун гуманитардык хабын түзүүнү сунуштайбыз", — деди өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Последствия ракетного обстрела в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Бирок эксперттердин айтымында, бардык экономикалык жана дипломатиялык аракеттер талибдер үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алуу менен кадам шилтей турганын иш жүзүндө көрсөткөндөн кийин гана жеткиликтүү болушу керек.

Россия президенти Владимир Путин аракеттерди "ШКУ — Афганистан" тобунун ишин жандантуудан баштоону сунуштады. "Жаңы афган бийлигин тынчтык орнотуу, коомдук жашоону жөнгө салуу, коопсуздукту камсыздоо боюнча берген убадасын аткартууну стимулдаштыруу керек. Мында "ШКУ — Афганистан" тобунун ишмердүүлүгүн жандандыруу маселесин иштеп чыгуу зарыл. Бул топ атайын афгандык өнөктөштөр менен иштөө үчүн түзүлгөн", — деди РФ лидери.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0