Сооронбай Жээнбеков сурак берип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Мурдагы мамлекет башчы бүгүн Кумтөр кенине байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында суракка чакырылган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу жакындары билдирди.

Мурдагы мамлекет башчы бүгүн, 18-сентябрда, Кумтөр кенине байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында суракка чакырылган.

Ал 12-августта дагы күбө катары чакырылып, премьер-министр болуп турган кездеги "Кумтөр" кенине байланыштуу суроолорго жооп берген. Бүгүн да ошол маселенин айланасында суроолорго жооп берери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0