ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин отуруму учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин отуруму учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Өлкө президенттери уюм мейкиндигиндеги жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү колдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча маселелерди талкуулашкан.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери туруктуу өнүгүү, уюм мейкиндигиндеги жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү колдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин карашкан.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдыгынын Душанбе декларациясы;
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө;
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023-жылдардагы антинаркотикалык стратегиясынын программасындагы пунктуларды ишке ашыруу боюнча иш планын (2021-2023-жж.) бекитүү жөнүндө;
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча 2022-2023-жылдарга карата өз ара аракеттенүү планын бекитүү жөнүндө;
  5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2021-2023-жылдарга COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен чаралар планын бекитүү жөнүндө;
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна чакырык жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө;
  7. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы жөнүндө;
  8. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору жөнүндө;
  9. Шанхай кызматташтык уюмунун гимни тууралуу жобону бекитүү жөнүндө;
  10. Шанхай кызматташтык уюмунун "Жашыл алкак" программасын бекитүү жөнүндө;
  11. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2022-2024-жылдар аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө;
  12. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын бекитүү жөнүндө;
  13. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн 2020-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Регионалдык антитеррордук кеңешинин баяндамасын бекитүү жөнүндө;
  14. Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору тууралуу жобону бекитүү жөнүндө;
  15. Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык форумунун концепциясын бекитүү жөнүндө;
  16. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда өнөр-жай өнүгүүсү боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө;
  17. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Араб мамлекеттеринин лигасынын катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө;
  18. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын катчылыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө;
  19. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин катчылыгы ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө;
  20. Иран Ислам Республикасын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө алуу жараянын баштоо жөнүндө;
  21. Катар мамлекетине Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө;
  22. Египет Араб Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө;
  23. Сауд Аравия Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө;
  24. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин илим, технология жана инновация жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча билдирүүсү;
  25. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча билдирүүсү;
  26. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы жаштар менен иштөө жаатында кызматташуу жөнүндө келишими;
  27. ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий мурастардын объектилерин коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө келишими;
  28. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият жана искусство жаатындагы жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандуму;
  29. Шанхай кызматташтык уюмунун банктар аралык бирикмесин мындан ары өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы (2022-2026-жж.);
  30. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Евразиялык экономикалык комиссиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Жаңылыктар түрмөгү
0