ЖККУ өлкөлөрү аскердик полиция түзүүнү көздөгөн келишимге кол коюшту

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАскердик полиция кызматкерлери. Архив
Аскердик полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) сессиясы болуп, жыйынтыгында регионалдык коопсуздукту камсыздоочу документтер кабыл алынды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) сессиясында уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары аскердик полиция, тергөө кызматын, прокуратура жана сотторду түзүүнү көздөгөн келишимге кол коюшту. Бул тууралуу саммиттин жыйынтыгында кол коюлган декларацияга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Тараптар аскердик полиция, аскердик тергөө кызматын, аскердик прокуратура жана сотторду түзүүнү көздөгөн келишимге кол коюшту. Мындан тышкары, Афганистандагы кырдаалдан улам түштүк чек араны жакшылап коргоо үчүн Борбор Азияга контингентти ыкчам жайгаштыруунун пландарын такташты", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле ЖККУнун бириктирилген штабынын начальниги генерал-полковник Анатолий Сидоровдун башкаруу мөөнөтү үч жылга узартылды.

Эске салсак, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0