ЖККУга мүчө өлкө башчылары видеотрансляциянын форматын талкуулап жатат. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери Душанбе шаарындагы саммит алдында
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери Душанбе шаарындагы саммит алдында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Душанбеде Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын башчылары чогулду. Россиянын президенти видео байланыш аркылуу кошулду.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Душанбеде ЖККУнун саммити башталды. Мамлекет башчылары Улуттар сарайына келишти.

"Пул №3" Telegram-каналы уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери саммиттин форматын талкуулап жаткан видеону жарыялады. Алар түз эфирге эмнени чыгарып, эмнени чыгарбаш керектигин сөз кылышкан. Кадрдан талкууга Эмомали Рахмон, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Александр Лукашенко жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышып жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин тегерегиндеги кызматкерлерден коронавирус аныкталгандыктан обочолонууга кетип, Душанбеге барган жок. Бирок ал кесиптештери менен видеоконференция аркылуу байланышта болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0