"Эл мени мэр катары көргүсү келет" деген Тагаев Ленин районуна аким болду

© пресс-служба мэрии города БишкекАким Ленинского района Бишкека Русланбек Тагаев
Аким Ленинского района Бишкека Русланбек Тагаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Муниципалитет буга чейин Тагаев суу жабдуу жана суу кетирүү тутумдары системасында иштегенин маалымдады.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Русланбек Тагаев Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана биринчи орун басары болуп Марс Исаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады
Муниципалитет буга чейин Тагаев суу жабдуу жана суу кетирүү тутумдары системасында иштегенин маалымдады.

Ал "Мекенчил" партиясынын мүчөсү. 2021-жылдын башында Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев отставкага кеткенден кийин мэриянын алдында Тагаевди колдоо митинги өткөн. Анда ал ЖМКларга "эл мени мэр катары көргүсү келип жатат" деп айтканы бар.

Райондун мурунку башчысы Мурат Осмонов башка кызматка которулганына байланыштуу иштен бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0