Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДеятельность центра обработки данных (Дата центр) НБКР в Бишкеке
Деятельность центра обработки данных (Дата центр) НБКР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Тийиштүү документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу максатында кол коюлганы белгиленди.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин алдында Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" 5-майдагы жарлыгына кол койду. Анын негизинде аталган агенттик түзүлдү.

"Мекеме жеке маалыматтардын субъектилеринин укуктарын коргоо, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоо, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ. Мындан башка дагы милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат", — деп айтылат маалыматта.

Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргызстандын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0