Экс-элчи Ниязов: талибдер мурдагыга караганда алда канча жумшак болот

© AFP / WAKIL KOHSAR"Талибан"* кыймылын согушкерлери
Талибан* кыймылын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Дипломаттын айтымында, талибдерге эл аралык таануу зарыл болгондуктан нормаларды сактап, диалог түзүү аракеттерин көрөт.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Афганистандагы "Талибан"* кыймылы мурдагыга караганда алда канча жумшак болорун Кыргызстандын Афганистандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде талибдер эл аралык нормаларды сактоонун аракетин көрүп, дипломатиялык миссияларга жакшы мамиле кылып жатканын белгилеген.

"Мен Афганистандын жашоочулары менен көп сүйлөштүм. Алар талибдердин жаңы режими мурункуга караганда бир топ жумшак жана лоялдуу болоруна ишенишет. 20 жыл мурун чындыгында катаал режимди карманышкан. Бирок афгандыктардын көбү тартип сакталып жана эч ким уурулукка барып же башка кылмыш жасабаганын белгиледи. Талибдер кылмышкердин колун кесип, киши өлтүргөндөрдү жазага тартышкан. Бүгүн талибдер өзгөрдү, анткен менен шариат боюнча режим орнотот, андай учурда деле жеңилдиктер болот деп ойлойм", — деген Ниязов.

Ал 90-жылдары талибдер апийимдин жайылышына каршы өтө активдүү күрөш жүргүзгөнүн эске салды.

Кабулда Талибан кыймылын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
ЖМК: талибдер ант берүү аземин 11-сентябрга белгиледи
"Америкалыктар Афганистанга келгенде апийим өстүрүү 40 эсеге көбөйгөн. Менимче, талибдердин тушунда баңгизат өстүрүү кескин азаят. Негизи демократия менен бөтөн баалуулуктарды таңуулоого болбойт, Батыш муну түшүнгөн жок. Ошол себептен Афганистанда дээрлик 20 жыл болгонуна карабастан шашылыш түрдө артка чегинип кетти. Бардык өзгөрүүлөр табигый болушу керек, эгер талибдердин режимин афгандыктар колдосо — бул алардын тандоосу, аларга тоскоолдук болбошу керек. Азыр кээ бир жерлерде жарандык нааразылык акциялары өтүүдө, бул дагы өлкөнүн тургундарынын бир бөлүгүнүн пикирин билдирген процесс. Панжшер провинциясында да каршылыктар бар, менимче, талибдер мунун баарын эске алып, өз аракеттерин жөнгө салат", — деген дипломат.

Ал талибдер эл аралык таанууга муктаж экенин, нормаларды сактоо жана диалогду жакшыртуу үчүн кадамдарды жасашы ыктымал экенин белгиледи.

* Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар

Жаңылыктар түрмөгү
0