ЕАЭБ өлкөлөрү жыл аягына чейин бири-биринин электрондук кол тамгасын тааныйт

© Sputnik / Виталий АньковЭлектрондук кол коюп жаткан адам. Архив
Электрондук кол коюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Адистердин айтымында, мамлекеттик сатып алуулар системасын электрондук форматка өткөрүүдөн бааны 10-15 пайызга түшүрсө болот.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде бири-биринин электрондук-санариптик кол тамгасын таануу планы 2021-жылдын соңуна чейин ишке ашырылат. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришти.

8-сентябрь күнү Москва финансылык форуму өтүп, анын катышуучулары ЕАЭБдин ичинде мамлекетик сатып алуулар системасын өнүктүрүү боюнча сөз кылышты.

Зер буюмдар дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
ЕАЭБде зер буюмдар арзандашы мүмкүн. Себеби
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Арман Шаккалиевдин айтымында, товар жеткирүүчүлөрдүн бардыгын тең укукта тендерге катыштыруу негизи тапшырма бойдон калууда.

Муну ишке ашыруу үчүн мамлекеттер бири-биринин электрондук-санариптик кол тамгасын, банктык кепилдиктерин таанып, бардык тармактар санариптешүүсү керек.

Ошондой эле министр биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн финансы министрликтери менен улуттук банктары кол кабыш кылса, банктык кепилдиктерди таануу боюнча иштер дагы алдыга тезирээк жылат эле деген пикирин билдирди.

"Мамлекеттик сатып алууларды жолго салуу боюнча аракетибиз ЕАЭБдин ичинде өндүрүлүп жаткан товарлардын тез арада кардар табышына жардам берет. Учурда бул рыноктогу товарлардын 50 пайызы үчүнчү өлкөлөрдөн кирип жатат. Акчалай айтканда, 60 миллиард доллардын тегереги. Бул каражатты өз товарыбызды жүгүртүү үчүн пайдалансак жаман эмес да", — деди Шаккалиев.

Адистердин айтымында, мамлекеттик сатып алуулар системасын электрондук форматка өткөрүүдөн бааны 10-15 пайызга түшүрсө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0