Өзбекстан "Талибан"* түзгөн өкмөттү колдоп, кызматташарын айтты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын желеги. Архив
Өзбекстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Өзбекстан талибандарды тааныган кадамы менен кошо аталган өлкөдө улуттук кеңири макулдашуунун, туруктуулуктун башталышы болоруна ишеним артканын билдирген.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өзбекстан Убактылуу Афганистан өкмөтүнүн түзүлгөндүгүн колдоп, кызматташууга даяр. Бул туурасында Өзбекстандын ТИМи расмий билдирүү жасады.

"Өзбекстан Убактылуу Афганистан өкмөтүнүн түзүлгөндүгүн колдойт. Бул чечим аталган өлкөдө улуттук кеңири макулдашуунун, тынчтыктын бекемделишине жана туруктуулуктун башталышы болоруна ишеним артабыз. Жаңы Афганистан мамлекети менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө, өз ара кызматташууга даяр экендигибизди билдиребиз", — деп айтылган билдирүүдө.

Эске салсак, 7-сентябрда "Талибан"* кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид маалымат жыйын учурунда Афганистан өкмөтүнүн жаңы курамын жарыялап, бул курам убактылуу экенин айткан. Андан сырткары, жаңы өкмөттүн мүчөлөрү 11-август күнү ант беришери да кабарланган.

Панджшер провинциясында Талибанга каршы туруучу жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Панжшердин алынышы Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат? Сереп
Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан. Акыркы учурда маалымат талаасында Панжшердеги талибдер менен каршылык көрсөтүүчү күчтөр боюнча эки жактуу кабарлар айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0