Партиядан жана бир мандаттуу округдан талапкер болгондорго күрөөнүн суммасы

© Sputnik / Табылды КадырбековСом купюралары. Архив
Сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
2020-жылдын октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ар бир партия беш миллион сом шайлоо күрөөсүн төккөн.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Алдыда боло турчу Жогорку Кеңешке шайлоодо саясий партиялар жана бир мандаттуу округдардан катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы айтылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

ЖМК өкүлдөрү менен баарлашкан БШК жетекчиси аралаш системадагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү, буга карата даярдыктар тууралуу айтып берди.

"Бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкер 100 миң сом күрөө төгөт. Пропорционалдык система боюнча шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар үчүн күрөөнүн көлөмү 1 миллион сомду түзөт", — деген БШК жетекчиси.

Буга чейин Шайлдабекова алдыдагы парламенттик шайлоого мамлекеттик бюджеттен керектелүүчү каражаттын көлөмүн айткан болчу.

Шайлоо участогунда тизмени карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
ЖК шайлоосу: Кыргызстан 36 округга бөлүндү
Жаңы эреже боюнча шайлоо

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо болот. Өлкөдө аралаш шайлоо системасы киргизилүүдө. Депутаттар партиялык тизме боюнча (54 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (36 мандат) шайланат.

Системанын маңызы, добуш берүү күнү шайлоочу бир эле убакта бир нече жолу добуш бере алат. Биринчи өзүнүн бир мандаттуу округунда талапкер үчүн, экинчиси тигил же бул партия үчүн. Жарандар ошондой эле өзү тандаган партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бирине да добуш берүүгө укуктуу. Парламенттин жаңы чакырылышында жалпысынан 90 депутат болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0