Жаңы курам шайланат. Парламент КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчётун артка кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРКнын имараты. Архив
КТРКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, эми Байкоочу кеңештин азыркы курамы тарап, жаңылары парламент тарабынан шайланат.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2020-жылга карата берген отчётун канааттандырарлык эмес деп тапты.

Отчётту жактырууга 32 эл өкүлү макул, 19у каршы добуш берди. Депутаттардын жарымы да макулдук бербегендиктен артка кайтарылды.

Эл өкүлү Бейшеналы Нурдинов мунун алкагында КТРКнын Байкоочу кеңешинин азыркы курамы тарап, жаңылары кайрадан парламент тарабынан шайланарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0