Башкы прокуратура 3 депутаттын телефонун тыңшоого уруксат берген себебин айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Башкы прокурордун орун басары депутаттардын телефонун тыңшоодо мыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Парламентте үстүбүздөгү жылдын башында Ички иштер министрлиги ондогон саясатчынын жана ЖК депутаттарынын телефон сүйлөшүүсүн тыңшаганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

ИИМ башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев тыңшоо Октябрь окуяларын иликтөөнүн алкагында 6-январдан 10-февралга чейин соттун уруксаты менен жүргүзүлгөнүн айтып, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн чоо-жайы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Эл өкүлү Дастан Бекешев ЖК депутаттарынын Конституцияда жазылган кол тийбестиги бузулганын белгилеп, башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевге кайрылды.

"Азыркы мыйзамдар боюнча депутатты жеке текшерүүгө жана тинтүүгө алууга болбойт. Ал эми жоопко тартуу үчүн башкы прокурор Жогорку Кеңешке кайрылып макулдугун алат. Бир гана ушул учурда ЖКнын макулдугу керек. Ал эми телефон сүйлөшүүсүн тыңшоого жалпы негиздеги иштин алкагында соттон санкция ала алат. Бул Жазык-процессуалдык кодексинин 472-беренесинде так жазылган", — деди Ишеналиев.

Андан соң Бекешев "телефон тыңшоого жетиштүү негиз болгонун текшердиңерби" деп сурады. Ал ишти карап көрүп анан сотко кайрылганын, ал эми тыңшоонун натыйжасында эмне аныкталганын тергөө бүтө электигине таянып айтуудан баш тартты.

Депутат сүйлөшүүлөрдү тыңшоо дагы кол тийбестикке кирерин белгилеп, баары бир мыйзам бузуу болду деп эсептей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0