Ысык-Көлдө миңдей адам катышкан ЖККУ күчтөрүнүн машыгуусу башталды

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРАскер кызматкерлери "Рубеж-2021" машыгуу аземинде
Аскер кызматкерлери Рубеж-2021 машыгуу аземинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Аскердик машыгууга жалпысынан миңден ашуун адам тартылган. Мындан сырткары, 150 даана аскердик, анын ичинде авиациялык техника бар.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш салтанат "Эдельвейс" аскердик окуу борборунда өттү.

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРВоеннослужащие на церемонии открытия учений Коллективных сил быстрого развертывания Центральноазиатского региона коллективной безопасности ОДКБ "Рубеж-2021"на базе учебного центра "Эдельвейс"
Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн Рубеж-2021 машыгуусу башталды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусу башталды
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРВоеннослужащие на церемонии открытия учений Коллективных сил быстрого развертывания Центральноазиатского региона коллективной безопасности ОДКБ "Рубеж-2021"на базе учебного центра "Эдельвейс"
Ачылыш салтанат Эдельвейс аскердик окуу борборунда өттү - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ачылыш салтанат "Эдельвейс" аскердик окуу борборунда өттү
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРВоеннослужащие на церемонии открытия учений Коллективных сил быстрого развертывания Центральноазиатского региона коллективной безопасности ОДКБ "Рубеж-2021"на базе учебного центра "Эдельвейс"
Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөлөр ортосундагы аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоодо жана учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишкенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
3/4
Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөлөр ортосундагы аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоодо жана учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишкенин белгиледи
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРВоеннослужащие на церемонии открытия учений Коллективных сил быстрого развертывания Центральноазиатского региона коллективной безопасности ОДКБ "Рубеж-2021"на базе учебного центра "Эдельвейс"
ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров мындай машыгуулар уюмдун алкагында такай өткөрүлүп турарын, кооптуулук жаралган учурда өзүнүн майнаптуулугун бир нече жолу далилдегенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
4/4
ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров мындай машыгуулар уюмдун алкагында такай өткөрүлүп турарын, кооптуулук жаралган учурда өзүнүн майнаптуулугун бир нече жолу далилдегенин белгиледи
1/4
Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусу башталды
2/4
Ачылыш салтанат "Эдельвейс" аскердик окуу борборунда өттү
3/4
Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөлөр ортосундагы аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоодо жана учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишкенин белгиледи
4/4
ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров мындай машыгуулар уюмдун алкагында такай өткөрүлүп турарын, кооптуулук жаралган учурда өзүнүн майнаптуулугун бир нече жолу далилдегенин белгиледи

Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөлөр ортосундагы аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоодо жана учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишкенин белгиледи.

ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров мындай машыгуулар уюмдун алкагында такай өткөрүлүп турарын, кооптуулук жаралган учурда өзүнүн майнаптуулугун бир нече жолу далилдегенин белгиледи.

Машыгуудагы аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Кыргызстанда эртең башталчу ири машыгууга тажик аскерлери катышпайт
Машыгууга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик күчтөрү жана ыкчам топтору, Кыргызстандын ИИМ, ӨКМ, жана УКМКнын Чек ара кызматынын атайын бөлүктөрү катышууда.

Жалпысынан 1000ден ашуун адам, 150 даана аскердик жана атайын техника тартылган, анын ичинде бир нече ракеталык системалар, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы бар.

Иш-чаранын катышуучулары ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу үчүн Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн согуштук аракеттерди даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча иштерди жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0