Улукбек Мариповдун биринчи орун басары дайындалды

© Фото / пресс-служба РКФРМурдагы Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Азиз Аалиев. Архив
Мурдагы Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Азиз Аалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Премьер-министрдин жаңы биринчи орун басары буга чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Азиз Аалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Азиз Аалиев буга чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы болуп иштеп келген. Бирок үстүбүздөгү жылдын май айында ал иштен кетип, анын ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0