03:31 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
117 0 0

Путин Россиянын жаңыланган Баш мыйзамы боюнча Түштүк Курил аралдары бөлүнгүс экенин айтты.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россия менен Япония өз ара мамилелердин калыбына толук келишине кызыкдар. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өткөн Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатканда айтты.

"Кеп биздин кызматташууну өнүктүрүү максатындагы стратегиялык кызыкчылык тууралуу жүрүп жатат. Биз мурдатан эле Дүйнөлүк экинчи согуштун эл аралык документтерге жазылган жыйынтыктарын урматтоо туурасында айтып келебиз", — деген Путин.

Ал согуштун жыйынтыгы менен тынчтык диалогунун жоктугун нонсенс деп атап, Россия бул суроодо ар дайым сүйлөшүүнүн жактоочусу болуп келгенин айтты.

Муну менен катар эле Путин Россиянын жаңыланган Баш мыйзамы боюнча Түштүк Курил аралдары бөлүнгүс экенине токтолду. Ал өзгөчө басым менен Москва "Япониянын аймагына АКШнын ракеталарын жайгаштыруусунан коргоно турганын" белгилеген.

Тема боюнча

Кытай Россия менен Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын коргоого даяр
Путин Афганистан боюнча абалды гуманитардык апаат деп атады
Белгилер:
Россия, Япония, Владимир Путин, Курил аралдары

ЭҢ МААНИЛҮҮ