Путин Афганистан боюнча абалды гуманитардык апаат деп атады

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин дүйнө коомчулугун Афганистан көйгөйүн биргелешип чечүүгө чакырган.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Афганистанда болуп жаткан окуялар — гуманитардык апаат. Мындай пикирин Россия лидери Владимир Путин Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өткөн Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатканда айтты. Путиндин бул пикирин РИА Новости жарыялады.

"Бул менин сөзүм эмес. Бул америкалык аналитиктердин айтканы. Америкалыктар, негизи алар өтө прагматик адамдар, бул жылдары аталган кампанияга баш-аягы бир жарым триллион доллар коротуптур. Жыйынтык кандай болду? Нөл. Эгерде Афганистанга ташталган адамдардын санын карап көрсөк, жамааттык Батышка, АКШга жана алардын союздаштарына иштеди. Бул гуманитардык апаат да болуп калды", — деди РФ лидери.

Ал Вашингтон мурдагы позициясында туруп, башка элди "цивилизациялаштырып" баштаган адатын кылбайт деген үмүтүн айтты.

Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Серепчи: талибдердин бийликке келиши террордук уюмдарга күч берет
"Демократия эгерде кайсы бир элге керек болсо, калк ага өзү келет. Муну зордоп жасаштын кереги жок", — деген Путин.

Сөзүнүн аягында Россия президенти "Талибандардын"* өкмөтүн таануу маселесинде алардын жасаган билдирүүсүнүн төркүнү кандай экенин караш керектигин айткан. Путин дүйнө коомчулугун афган көйгөйүн биргелешип күч жумшап чечүүгө чакырган.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0