Бишкек мэринин жаңы орун басарлары ишке киришти

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт
Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Мэрдин бир орун басары экономика жана финансы маселесин, экинчиси жер, архитектура жана шаардагы курулуштарды жөнгө салат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкекке эки жаңы вице-мэр дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.

Мирлан Байгөнчөков вице-мэрлик кызматында экономика жана финансы маселелерин карайт. Ал биринчи вице-мэр болуп кеткен Максатбек Сазыкуловдун ордуна келди.

 Вице-мэр Бишкека Жамалбек Ырсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жамалбек Ырсалиев вице-мэрликтен кетип, Биринчи май районуна аким болду
Байгөнчөков буга чейин көп убакыт бою финансы министринин орун басары болуп иштеп келген.

Дагы бир вице-мэр Азат Узаков болду. Ал жер, шаар курулушу жана архитектура маселелерин жөнгө салат. Узаков буга чейин президенттик администрациянын курулуш, жолдор жана коммуникация боюнча бөлүмүн жетектеп келген.

Узаков пара алды деп шектелип бир айдан бери УКМКнын тергөө абагында жаткан Азамат Сагындык уулунун ордуна дайындалды. Ал расмий түрдө иштен бүгүн алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0