Жамалбек Ырсалиев вице-мэрликтен кетип, Биринчи май районуна аким болду

© пресс-служба мэрии города Бишкек Вице-мэр Бишкека Жамалбек Ырсалиев
 Вице-мэр Бишкека Жамалбек Ырсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Ырсалиев мэрияга 2020-жылдын октябрь айында келген. Ал бир жылга чукул тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп иштеди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мэр Айбек Жунушалиевдин буйругу менен аталган райондун акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна буга чейин вице-мэр болуп иштеп жаткан Жамалбек Ырсалиев дайындалган.

Ырсалиев 2020-жылдын октябрь айынан бери тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп иштеп келе жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0