14:11 27 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7891
  • EUR98.4232
  • RUB1.2191
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (266)
3517 0 0

Афганистанда бийликке келген  "Талибан"* өлкөнүн экономикасын да көзөмөлдөөдө. Баңгизат ташуу жолго коюлганы менен акыркы жылдары аталган кыймыл апийим саткандан тышкары да акча табуунун жолун жакшы өздөштүргөн.

Талибдер көзөмөлүндөгү аймактарга салык салып, транспорт компанияларынан, уюлдук байланыш операторлорунан каражат талап кылып, мындан тышкары, Пакистан менен Перс куймасындагы өлкөлөрдөн акча алып турду. Эсептей келгенде жылына 1,5 миллиард доллардан ашыгыраак акча эле. Бул сумма өлкө казынасын толтурууга жетер-жетпесине РИА Новости баам салып көрдү.

Баңгизат эле эмес

"Баңгизатка да, контрабандага да жол бербейбиз. Афганистан эми апийимге сыйынган өлкө болбойт", — деди "Талибандын" төрагасы Дабихулла Муджахид. Деп жатып буга чет өлкөлөрдүн жардамы зарыл экенин белгиледи.

Бул убадалар биринчи жолу жаңырып жаткан жок. 2000-жылы эл аралык аренадан ордубузду табабыз деген ниет менен исламчылар апийим өстүрүүгө тыюу салган. Талаалар жок кылынган. Чындап эле баңгизат ташуу кыскарып калган. Бирок АКШ Афганистанга киргенден кийин апийим, нашаа жана метамфетаминдин соодасы кыйла гүлдөдү.

БУУнун баңгизат жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы (ЮНОДК) Афганистан апийим өндүргөн эң ири өлкө деп маалымат берип жатат. Былтыр түшүм 37 пайызга жогоруласа, апийим айдалган жердин жалпы аянты 263 гектарга кеңейген. Бул абсолюттук рекорд.

ЮНОДКтун эсеби боюнча баңги бизнеси талибдерге жылына 400 миллион доллар пайда алып келет.

Узак убакыт бою бизнестин бул түрү негизги киреше булагы болуп келген. Бирок акыркы жылдары кырдаал өзгөрүп, исламчылар экономикасын ар тараптуу кыла алышты.

Киреше булагынын түрү

Кыймылдын лидерлеринин бири Мохаммед Якуб молдо акча табуунун башка жолдорун табууга үндөгөндөн кийин согушкерлер минералдык ресурска бай аймактарды басып ала баштады.

Афганистанда жез, боксит, темир, мрамор, литий көп. Алтын бар. Мунун баары бир нече триллион долларга бааланып келет. Кендин көбүнө киши колу тие элек. Согушкерлер ээлеп алгандары жылына 460 миллион доллар киреше алып келүүдө. The Financial Times берген маалымат боюнча, баалуу металлды көбүнесе Кытай, Пакистан жана БАЭнин менчик компаниялары сатып алат.

БУУ май айында талибдердин жылдык кирешеси 300 миллиондон 1,6 миллиард долларга чейин экенин билдирген. Салыктан эле былтыр 160 миллион чогулган. Провинцияларды басып алуу менен исламчылар жергиликтүү казынаны ээлеп, курал-жарак менен техникасын тартып алып, ишканалар менен элдин акчасын алып турган.

Он пайыздык салык жана коммуналдык кызматка акча төлөө тартибин киргизишкен (электр энергиясы эле жылына эки миллион пайда алып келген), жүк ташыгандарды, ошондой эле ишкерлик кылууга аракет кылгандарды бура бастырган эмес. Ал эми күйүүчү май, тамеки, азык-түлүк, дары-дармек, биринчи кезекте керектелчү товарлар — өзүнчө киреше булагы эле.

Анын үстүнө талибдерге чет өлкөдөн да жардам келип турган. BBC News басылмасынын журналисттери Сауд Аравиясынан, БАЭ жана Катардан жылына 500 миллион доллардай келип турарын аныктап чыгышты.

Алгачкы тоскоолдуктар

"Талибдер финансы империясын куруп алышты, бирок өкмөттү жетектөөгө келгенде баары кыйрайт", — деп жазып жатышты батыштын ЖМКлары. Ошондой эле болду. Көмүскө экономикада кыймылдап көнгөн исламчылар анык кыйынчылыктарга тушукту.

Bloomberg жаңы бийликке ишенбеген эл сактоодо турган акчасын алуу үчүн дароо банкка чуркаганын жазды, бул экономика үчүн катуу сокку. Банкоматтарда нак акча азайып, баа өсүп жатат. Көчөлөр аңгырап, дарыканалардын көбү жабылды.

"Банк системасынын колу-буту тушалып калды. Афганистан — импорттон көз каранды өлкө. 870 миллиондук товар чыкса, 8,6 миллиард долларлык товар кирет. Талибдер элдин курсагын тойгузуп, мамлекеттик аппаратты кармап турушу керек", — деп түшүндүрүп берди Афганистанды таануу борборунун директору Омар Нессар.

Мамлекеттик чыгымдын 75 пайызын адатта эл аралык жардам жапчу. Кабул жылына төрт миллиард доллардан ашык каражат алып келген. Эми бул жардамга ишенип болбойт.

Талибдердин бийликке келишине чейин Афганистандын Борбордук банкын жетектеп келген Ажамал Ахмадинин айтымында, буга чейинки бийликтин топтогон каражатынын арбын бөлүгү республикадан чыгарылып кеткен. Валюта резервиндеги тогуз миллиарддын жетиси АКШда сакталуу. Байдендин администрациясы бул каражатты тоңдуруп салууну көздөп жатат.

Афганистан азыр инфляция, улуттук валютанын алсызданышы жана болуп көрбөгөндөй жакырчылыктын босогосунда турат. Эгер жаңы өкмөттү дүйнө коомчулугу тааныбай коё турган болсо толук изоляцияда калат. Бирок Омар Нессар региондогу өлкөлөр жакын арада талибдер менен сүйлөшүүнү баштайт деген пикирде. Демек, кошумча киреше булагы пайда болору ажеп эмес.

* — Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук кыймыл.

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (266)

Тема боюнча

Америкалыктар кеткенден кийин аэропортко кирип жаткан талибдер. Кабулдагы видео
Белгилер:
Афганистан, бийлик, өкмөт, Дүйнө, баңгизат, соода, экономика, "Талибан" кыймылы, акча, жакырчылык

ЭҢ МААНИЛҮҮ