Парламенттик шайлоого катышууга белсенген партиялардын саны 10го жетти. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял шайлоо учурунда добуш берип жатат. Архив
Аял шайлоо учурунда добуш берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Президенттин жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Депутаттар аралаш шайлоо системасы менен тандалат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 10го жетти. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Катты берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00.

БШКга кайрылган 10 партиянын тизмеси:

  • "Социал-демократтар";
  • "Улуттар биримдиги";
  • "Ишеним";
  • "Альянс";
  • Кыргызстандын "жашылдар" партиясы;
  • "Жаратман эл";
  • "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия";
  • "Ата Мекен";
  • "Ыйман нуру";
  • "Элдин үмүтү социалдык-саясий партиясы".

БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарлык күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына кат түрүндө билдирүү жөнөтүшү керектигин эскертет.

БШКга жазуу түрүндөгү билдирме саясий бирикменин жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылып, ага партиянын уставынын көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүп, тиркелип жөнөтүлүшү шарт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда, тагыраагы, 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.

Жыйындагы Жогорку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жогорку Кеңештин депутаттары ишин баштады. Видео
Өлкө башчысы Садыр Жапаров 29-августта парламенттик шайлоонун күнүн 28-ноябрга белгиледи. Буга чейин депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Эл өкүлдөрүн шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Эске салсак, 27-августта парламент депутаттарын жаңы тартипте шайлай турган конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Жаңы эрежеге ылайык, добуш берүүнү аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0