"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" жаңы жетекчилүү болду

© Фото / пресс-служба НЭСК"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору болуп дайындалган Жолдошбек Ачикеев. Архив
Кыргызстандын улуттук электр тармагы ААКнын башкы директору болуп дайындалган Жолдошбек Ачикеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Аталган ишкана электр станциялары иштеп чыгарган электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар менен ири керектөөчү өнөр жайларга жеткирет.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жолдошбек Ачикеев "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

20-летие ОАО Северэлектро - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
"Түндүк электр" ишканасына жаңы жетекчи келди
Бүгүн, 1-сентябрда, Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасы Рашанбек Касымов аталган ААКнын жамаатына жаңы жетекчи Ачикеевди тааныштырган. Ал буга чейин "КыргызЭнерго", "ЧыгышЭлектро", "Кыргызстандын улуттук электр тармагынын" Ысык-Көлдөгү филиалы сыяктуу бир нече жерде иштеген.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" — бул электр станциялары иштеп чыгарган электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар менен ири керектөөчү өнөр жайларга жеткирген компания.

Жаңылыктар түрмөгү
0