Жапаров Швыдкой менен Бүлбүл оглуна мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМГКФ өкүлдөрүнө ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу
МГКФ өкүлдөрүнө ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Президент Михаил Швыдкойдун, Полад Бүлбүл оглунун жана Анатолий Иксановдун Шериктеш өлкөлөр деңгээлиндеги маданий байланыштарды чыңдоого, өнүктүрүүгө зор салым кошконун белгилеген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, чет элдик бир катар өкүлдөрүнө ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Жапаров Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МГКФ) башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой, Азербайжандын Россиядагы элчиси, МГКФ төрагасы Полад Бүлбүл оглу жана МГКФ аткаруучу директору Анатолий Иксанов менен жолугушту.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственные награды представителям МФГС врученные президентом КР. 31 августа 2021 года
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, чет элдик бир катар өкүлдөрүнө ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, чет элдик бир катар өкүлдөрүнө ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСопредседатель правления МФГС государств-участников СНГ Михаил Швыдкой во время получения награды от президента КР. 31 августа 2021 года
Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МГКФ) башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой - Sputnik Кыргызстан
2/4
Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МГКФ) башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель МФГС Полад Бюльбюль оглы во время получения награды от президента КР. 31 августа 2021 года
МГКФ төрагасы Полад Бүлбүл оглу - Sputnik Кыргызстан
3/4
МГКФ төрагасы Полад Бүлбүл оглу
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИсполнительный директор МФГС Анатолий Иксанов во время получения награды от президента КР. 31 августа 2021 года
МГКФ аткаруучу директору Анатолий Иксанов - Sputnik Кыргызстан
4/4
МГКФ аткаруучу директору Анатолий Иксанов
1/4
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, чет элдик бир катар өкүлдөрүнө ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
2/4
Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МГКФ) башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой
3/4
МГКФ төрагасы Полад Бүлбүл оглу
4/4
МГКФ аткаруучу директору Анатолий Иксанов

Жапаров МГКФ алкагында КМШга мүчө-мамлекеттердин Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн маданият аралык байланыштарын чыңдоо боюнча активдүү иш жасалып жатканын белгилеген.

Президент Кыргызстандагы долбоорлорго фонд тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлүп тургандыгы үчүн ыраазылык билдирген. Алардын кээ бирлери: Дүйнө элдеринин эпосторунун дүйнөлүк фестивалы, КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы, КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнүн искусство боюнча жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн "Чыгыштын күнөстүү боёктору" эл аралык пленэри, КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл спорт оюндары, ошондой эле "Үмүт" эл аралык жаш кино форуму.

Садыр Жапаров белгилегендей, фонд тарабынан жыл сайын 25 миллион рублдан ашык суммага кошумча каржылоодо орто эсеп менен 5-6 долбоор колдоого алынат. "Каракол – Шериктештиктин маданий борбору-2022 " долбоору алдыда ишке ашуусу күтүлгөн ири долбоорлордон болуп саналат.

Жапаров Швыдкой менен Бүлбүл оглуна мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Президент Садыр Жапаров
"Биз Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду менен өз ара кызматташтыкты мындан ары дагы долбоордук иш-чаралар аркылуу өнүктүрүүгө жана Шериктештик өлкөлөр менен маданий-гуманитардык чөйрөдө эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну бекемдөөгө ниеттенип жатабыз. Маданий-гуманитардык кызматташтык биздин өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн фундаменталдык негизди түзөт. Фонддун жардамы жана колдоосу астында өткөрүлгөн ар кандай иш-чараларга маданият ишмерлеринин катышуусу биздин кызматташтыгыбыздын руханий архитектурасы болуп саналат", — деп айтты ал.

Президент Михаил Швыдкойдун, Полад Бүлбүл оглунун жана Анатолий Иксановдун Шериктеш өлкөлөр деңгээлиндеги маданий байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы өлчөнгүс экенин белгиледи.

Алардын эмгегин баалап, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды:

  • Михаил Швыдкой тынчтык, достук жана элдер арасындагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон чоң салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу боюнча активдүү ишмердүүлүгү, мамлекеттер ортосундагы достук мамилени бекемдегени үчүн Данакер ордени менен сыйланды.
  • Полад Бүлбүл оглу элдер ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү ишиндеги жетишкендиктери, Кыргызстандын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдегени үчүн Достук ордени менен сыйланды.
  • Анатолий Иксанов өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык жана руханий потенциалын көбөйтүүгө, мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымы үчүн КРдин Ардак грамотасы менен сыйланды.
"Өз кезегинде Швыдкой фонддун Кыргызстан менен иштөөсүнүн маанисин белгилеп, биргелешип өнүктүрө турган долбоорлор көп экенин билдирди. Ал өлкө жетекчилигине Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылын мыкты өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Россия президенти Владимир Путиндин "Кыргызстандын бакубаттуулугу — Россиянын бакубаттуулугу" дегенин эске салып, өлкөлөр ортосундагы мамилеге артыкчылык берилгендигин белгиледи", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Швыдкой Россия үчүн Кыргызстанда тынчтык, тартип болгону маанилүү экенин айткан.

Иксанов дагы Жапаровго сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, грамота маданий, жаштар жана башка байланыштарды бекемдөөгө бардык аракетин көргөн МГКФнын жалпы жамаатына таандык экенин белгиледи. "Кыргызстан биздин фонддун ишмердүүлүгүндө өзгөчө орунда. Ал сиздердин өлкөдө иштеген убактан бери 60тай долбоор ишке ашырылды жана кыргыз досторубуз Шериктештик мамлекеттериндеги 350 долбоорго катышты", — деди ал.

Иш-чара соңунда Жапаров меймандарга сапар үчүн ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0