Президент Жапаров Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров кыргыз тарап Тажикстан менен эки тараптуу мамиленин кеңири багыттары боюнча ишенимге негизделген, конструктивдүү кызматташууга дайым даяр экенин белгилеген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү тажик тараптын демилгеси менен ишке ашкан.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Душанбе шаарында өтө турган ШКУ жана ЖККУ саммиттеринин күн тартибин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин көз карандысыздыктын 30 жылдыгына байланыштуу дагы куттуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0