Жапаров Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчысы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Президенттер эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле региондогу абалды талкуулашты.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүдө алар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле региондогу абалды талкуулашты.

"Мирзиёев Жапаровду мамлекеттин Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. Кыргызстандын өлкө башчысы Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирип, аны дагы Өзбекстандын эгемендүүлүк мааракеси менен куттуктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Баарлашуунун аягында Жапаров Кыргызстан мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экенин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0