Жапаров: Афганистандан улам кыргыз армиясынын аскердик даярдыгын жогорулатуу зарыл

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Жапаров Кыргызстан террорчулуктун бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүгө өзгөчө маани берерин билдирди.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Афганистандан улам региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тез арада чек ара аймактарын бекемдеп, кыргыз армиясынын курал-жарак, аскердик техникасын толуктап, аскердик күчтөрдүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу — учурдун негизги максаты. Бул туурасында президент Садыр Жапаров элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушууда айтты.

"Коңшулаш жана боордош өлкө Афганистанда болуп жаткан акыркы окуялар бүтүндөй дүйнө жүзүн тынчсыздандырууда. Биз мүмкүн болушунча тез арада Афганистандагы ички саясий абалдын турукташуусуна, көп улуттуу афган элинин бейпилдикте жана коопсуздукта жашоосуна чын пейилден кызыкдарбыз", — деп билдирген мамлекет башчысы.

Аны менен катар эле кооптуулуктан улам учурдун негизги максаты көзөмөлдү жана аскердик даярдыкты бекемдөө экенин айткан.

"Региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тез арада чек ара аймактарыбызды бекемдеп, көзөмөлдөө ишин активдештирүү менен бирге кыргыз армиясынын курал-жарак жана аскердик техникасын толуктап, аскердик күчтөрүбүздүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу учурдун негизги максаты деп эсептейм", — деди президент элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин алдында сүйлөп жатып.

ЖККУнун машыгуусунда Кыргызстандын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу өтөт
Жапаров Кыргызстан террорчулуктун бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө маани берерин билдирди. Ал Кыргызстан эл аралык террорчулукка, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюмдар, башка мамлекеттер менен эки жана көп тараптуу форматта кызматташарын айтты. Жогорудагы тизмеге киберкылмыштуулукту, мыйзамсыз миграцияны жана коррупцияны кошту.

Эске салсак, учурда Афганистанда саясий абал абдан курч бойдон турат. Аталган өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн согушкерлердин "Талибан"* кыймылы басып алган. Козголоңчулар өлкөнүн борбору Кабулга 15-августта кирип, юийликти толук көзөмөлгө алгандыгын жар салышкан. Ал эми мамлекеттин башчысы Ашраф Гани БАЭге качып, баш калкалаган. Учурда аталган мамлекеттин дээрлик бардыгына талибдер көзөмөлүн орнотту. Ал арада эл аралык коомчулукта Афганистан аймагында "Талибан"* менен "Ислам мамлекети" террордук уюмдарынын ортосунда тиреш жүрө тургандыгын айтышууда.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0