Экс-мэрлердин тагдыры... Жунушалиев бул кызматка келүүдөн коркпогонун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМэр Бишкека Айбек Джунушалиев
Мэр Бишкека Айбек Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Журналисттер буга чейинки шаар башчыларына кылмыш иштери козголуп, айрымдары камакка алынганын эске салышты.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектин жаңы мэри Айбек Жунушалиев "бул кызматты аркалоодон коркпойсузбу?" деген суроого жооп берди.

Маалымат жыйында журналисттер буга чейинки шаар башчыларынын дээрлик баарынын тагдыры аянычтуу экенин эске салышты. Мисалы, 2010-жылдан бери Бишкекке мэр болгондордун баары кызматтан кеткенден кийин кылмыш иши козголуп, айрымдары камакка алынган.

Жунушалиев алгачкы эле жумуш күнүндө "бул маселени өзүнө белгилеп алганын" айтты.

"Карышкырдан корксоң, токойго барба" деген сөз бар. Мен эч качан кызмат орунду тандаган эмесмин, суранган да эмесмин. Жетекчилик мени Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кызматына көрсөтүү чечимин кабыл алыптыр, каршы болгон жокмун. Албетте, келечек тууралуу сөздөр болду, бирок мен мыйзамдын чегинде милдеттеримди аткаруу үчүн болгон күчүмдү жумшаарыма ишендире алам. Менин бизнесим жок, болгон да эмес. Ишкердик менен алектенем деген ниетим да жок. Мен бардык убактымды жумушка арноого даярмын. Шаарда финансылык кызыкчылыгым жок болгондуктан сиздин сурооңузда айтылгандар менде болбойт деп үмүттөнөм", — деген мэр.

Жунушалиев бул кызматка 12-августта келген. Бүгүн шаар башчысын шайлоо болуп өттү. Ал министрлер кабинетинин квотасы менен Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясынан көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. Аны 43 депутат колдоп добуш берди, ал эми экөө каршы чыкты.

Буга чейин Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0