Бишкектин жаңы мэри: элге таанымал болгудай актер эмесмин

© Sputnik / Табылды КадырбековМэр Бишкека Айбек Джунушалиев
Мэр Бишкека Айбек Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Жаңы эле шайланган калаа башчысы эч качан кызматты өзү тандабаганын, мэрияга дагы жетекчиликтин чечими менен келип калганын белгиледи.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектин жаңы мэри Айбек Жунушалиев элге белгилүү болгудай киноактер эмес экенин айтты.

Маалымат жыйын учурунда журналисттер Жунушалиев Бишкек мэри болуп келгенге чейин элге таанымал болбогонун айтышып, менеджер же чарбачыл адам катары ишке ашырган долбоорлору тууралуу сурашты.

"Бир нерсени белгилеп кетким келет. Мен тууралуу эч кандай маалымат жок экени чын. Баарына таанымал болгудай мен киноактер эмесмин. Мен муниципалдык кызматка келген мамлекеттик кызматкермин. Ишенип коюңуздар, түз эфирге, сайттарга чыкпаган, маалымат жыйын өткөрбөгөн көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер бар. Бирок алар күн сайын өз милдеттерин так аткарып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп келишет. Мамлекеттик кызмат – бул жамааттык иш", — деди Жунушалиев.

Ал аткарылган иштин баарын өзүнө ыйгарып алгысы келбегенин айтып, бирок министрлер кабинетинин командасы акыркы айларда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам долбоорлору менен иштегенин белгиледи.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Саясатта деле достук бар! Бишкек мэринин депутаттарга алгачкы кайрылуусу
"Бул күн сайын аткарылып, жемишин кийин бере турган иштер. Мен мэриянын командасында иштөөгө даярмын. Шаардык кеңештин депутаттары мэр чарбачыл адам болушу керектигин, бул тармакты билер-билбесимди сурашты, мен билбейм деп жооп бердим. Себеби мэрдин башка дагы функциялары бар. Албетте, чарбачыл адам болуш керек, бирок ошол эле учурда шаардыктардын алдындагы милдеттерди дагы унутпаш керек", — деди ал.

Ага "өкмөт мэрдин милдетин аткаруучу катары сизди сунуштаган. Буга кандай артыкчылыгыңыз себеп болду деп ойлойсуз" деген дагы суроо берилди.

"Эч кандай артыкчылыгым жок. Мен мамлекеттик кызматкермин. Бул чечим кадрдык саясаттын алкагында кабыл алынса керек. Кызматты өзүм тандаган бир дагы учур болгон эмес. Эгер жетекчилик чечим кабыл алса, демек, мен барып ишимди аткарам", — деди мэр.

Жунушалиев мэрияга келгенге чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0