Казакбаев: Борбор Азияда террордук уюмдардын "уйкудагы ячейкалары" болушу мүмкүн

© AFP / TAUSEEF MUSTAFA"Ислам мамлекети" уюмдун мүчөлөрү. Архив
Ислам мамлекети уюмдун мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Министрдин айтымында, Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги кайтарууга алынып, штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле учурда ал жакта жүргөн Кыргызстандын жарандарынын өмүрүнө коркунуч жаралган жок.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Борбордук Азия мамлекеттеринде "Аль-Каида" жана "Ислам мамлекети" уюмдарынын "уктап жаткан ячейкалары" болушу мүмкүн. Бирок кеп "Талибдер" тууралуу эмес. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине берген маеги учурунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, талибдердин жетекчилиги өлкө ичинде гана болорун, сыртка таасир этүү ниети жок экенин жар салган.

"Борбордук Азияда өз идеологиясын үгүттөгөн "Аль-Каида" жана "Ислам мамлекети" террордук уюмдарынын "уктап жаткан ячейкалары" болушу мүмкүн. Буга чейин, баарыбызга белгилүү болгондой, талибдер Афганистандын аймагындагы дипломатиялык жана эл аралык мекемелердин коопсуздугуна убада беришкен. Биз алар сөзүнө турат деп үмүт кылабыз", — деди Казакбаев.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги кайтарууга алынып, штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле учурда ал жакта жүргөн Кыргызстандын жарандарынын өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Элчилик аларды өлкөдөн алып чыгуу жолдорун издеп жатат.

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Панжшердеги каршылык көрсөткөн топтун мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Эч кимден жардам жок. Талибдерге баш ийбей жаткан акыркы провинция багынышы мүмкүн
16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени маалым болгон.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0