Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу өтөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖККУнун машыгуусунда Кыргызстандын жоокерлери. Архив
ЖККУнун машыгуусунда Кыргызстандын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Министрдин айтымында, Афганистандагы окуялардын фонунда мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү бир катар конкреттүү жамааттык чараларды камтыйт.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) күчтөрү Кыргызстанда машыгат. Бул тууралуу КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новостиге билдирди.

Анын айтымында, "Рубеж-2021" аталышындагы машыгуулар 1-9-сентябрда "Эдельвейс" полигонунда өтөт.

"Афганистандагы окуялардын фонунда ЖККУнун алкагындагы аракеттердин ичинде бир катар конкреттүү жамааттык чаралар камтылган", — деди ТИМ башчысы.

Ал ошондой эле Тажикстанда, афган чек арасына жакын жерде дагы бир катар машыгуулар өтөрүн белгилеген.

Афганистан качкындары Доханын борборунда (Катар) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Афганистан жарандарына Кыргызстанга кирүү үчүн виза берүү убактылуу чектелди
ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан кирет.

Эске салсак, учурда Афганистанда саясий абал абдан курч бойдон турат. Аталган өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн согушкерлердин "Талибан"* кыймылы басып алган. Козголоңчулар өлкөнүн борбору Кабулга 15-августта кирип, толук көзөмөлгө алгандыгын жар салышкан. Ал эми мамлекеттин башчысы Ашраф Гани БАЭге качып, баш калкалаган.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0