Кыргызстан менен Казакстан Афганистан боюнча биргелешип иштемей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Казакстандын желектери. Архив
Кыргызстан менен Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Казак тарап Афганистандагы кырдаалда жаралган маселелер боюнча мындан ары да жардам көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуу кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулган. Анда министрлер кыргыз-казак мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, Афганистандагы аскердик-саясий абалдын курчушун эске алуу менен эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Казакбаев Казакстандын жетекчилигине жана Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын 15 жаранын Кабул шаарынан эвакуациялоого, ошондой эле КРдин Афганистандагы элчилигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бул көрүнүш биздин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелердин жогорку деңгээлинин далили катары эсептелет", — деди Казакбаев.

Тлеуберди казак тарап бул багыттагы маселелер боюнча мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Элчи: учурда 15 кыргызстандык Афганистандан эвакуацияланып жатат
Тараптар кырдаал курчуп кеткен учурда тез арада жооп берүү жана шашылыш маселелерди чечүү максатында Афганистандагы абал боюнча өзүлөрүнүн чет өлкөдөгү мекемелери жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу, анын ичинде ЖККУнун алкагындагы өнөктөш өлкөлөр жана башка регионалдык уюмдар менен мындан аркы аракеттерди координациялоону макулдашышты.

Мындан сырткары, Нур-Султан шаарында боло турган Борбор Азияда Өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышууга даярдыктар талкууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0