Афганистандагы элчи: КР дипломаттары талибдер менен байланышка чыкты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүСитуация в Афганистане после смены власти
Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинде үч киши иштейт. Редакция дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы менен сүйлөштү.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандык дипломаттар талибдер* менен байланышка чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өлкөнүн Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди.

Редакция Ниязовдон Афганистандагы абал, божомолдор, кыргызстандыктар менен этникалык кыргыздардын тагдыры тууралуу маек курган. Кабулдагы элчиликте Ниязовду кошкондо үч киши иштейт.

"Талибдер тиешелүү жардамдарын берип, ар тараптан колдоп жатат. Алар дагы биздин жарандардын Афганистандан чыгып кетишине көмөктөшүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугуна кепилдик беришкен", — деди Кыргызстандын элчиси.

Экс-президент Афганистана Хамид Карзай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Экс-президент Карзай талибдер менен сүйлөшүү жемиштүү жүрүп жатканын айтты
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0